1. Тыноо, ооз аркылуу тыштан ичке кирген, ичтен тышка чыккан аба. Дем албай тур – дейт. Дем албай турдум тынымга, Дем албай туруш, өлүмгө тете чынында (Садыков). Ышкынаалы кезек-кезек терең дем алып улутунгандан башка сөз айткан жок (Байтемиров). Жүкөш бат-бат дем алып, эки жагын карана берди (Сасыкбаев). Илеп. Жайдын чилдеси ысык демин жерге чачат. 2. Тез, ылдам, тынымсыз. үч карындын майларын бир демге койбой жалмады (фольк.). 3. Күч, кубат, кайрат. Ушул сөз мага тоодой дем берген (Байтемиров). Баланын деми аны өргө жетеледи (Байтемиров). Бели жок жылкы бат арыйт, деми жок киши бат карыйт (Касымбеков). 4. Арка, жөлөк, бел, таяныч. Кабылан Манас чырагым, Бир өзүңдү дем кылдык («Манас»). Бир карааны тиер деп, Жүрөмүн Айчүрөккө дем байлап («Сейтек»).
(дем тарт-) inhale ин’хэйл;
breathe брииз;
repose ри’поуз;
rest I. рэст
breath брес;
breathing ‘бриизиң
Эс алуу, тыныгуу, тыныгууда болу. Чыканактап дем албай, Чырм этип уйку сеп албай («Манас»). Дем алсын деп адамдарды, Молотилка тынчып калды (Маликов).
repose ри’поуз;
(күн) day off
1. Жуманын жетинчи күнү, кызматка чыкпай эс алуучу күн. Бүгүн жекшемби – дем алыш (Сыдыкбеков). Койдун туут учурун соңуркаган балдар дем алыш күнү көп келишет (Жантөшев). 2. сүйл. Окуунун белгилүү бир убакытка токтотулган мезгили, каникул. Бул балдар үч айлык дем алышты бүтүп, кайра окууга бара жаткандар (Бөкөнбаев). Окуудан дем алышка кайткан жаштар (Сыдыкбеков). 3. Танапис, иштин, чогулуштун ж. б. арасында болгон кыска тыныгуу. Түшкү дем алыш учуру эле (Сасыкбаев).
Бирөөнү эш тутуу, ага таянуу, аны бел кылуу, колдосууна ээ болуу. Катын да болсо бейбактын Бир карааны тиер деп, Жүрөмүн Айчүрөккө дем байлап (“Сейтек”). Мени министерство билет, көп болсо башка районго которулуп кетермин” - деп, дем байлады да, түшүнүк жазылган баракты сунду (Осмоналиев).
Бирөөнү эш тутуу, ага таянуу, аны бел кылуу, колдоосуна ээ болуу. Катын да болсо бейбактын, Бир карааны тиер деп, Жүрөмүн Айчүрөккө дем байлап («Сейтек»). Мени министерство билет, көп болсо башка районго которулуп кетермин», – деп дем байлады да, түшүнүк жазылган баракты сунду (Осмоналиев). В.: Дем кылуу. Сага дем кылып келдим («Ала-Тоо»). Кабылан Манас чырагым, бир өзүңдү дем кылдык («Манас»).
Чыйралтуу, күчтөндүрүү. Абдыракмандын үнү кыжырын келтиргени менен, экинчиден, Эшматка дем берди (Байтемиров).
Чыйралтуу, күчтөндүрүү. Абдыракмандын үнү кыжырын келтиргени менен, экинчиден, Эшматка дем берди (Байтемиров).
к.
ДЕМ БАЙЛОО
Сага дем кылып келдим (“Ала-Тоо”). Кабылан Манас чырагым, бир озүңду дем кылдык (“Манас”).
дин. Оорулууну айыктыруу үчүн же кандайдыр керемет, сыйкыр жасоо үчүн дуба окуп, ичине абаны же сууну об тартып, кайра аны дубасы арналган адамды же нерсени көздөй багыттап «сүф» деп үйлөө. Негизинен мусулман өкүлдөрү Курандын кайсы бир аяттарын, сүрөөлөрүн окуу менен дем салган. Апсун окуп, дем салды («Манас» С. О.). Эшен, кожо чогулуп, Дем салган менен айыкпайт (Барпы). Шыбырап молдо, сопу дем салышты (Токомбаев).